Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Кыргыз-тажик тышкы иштер министрлери чек арадагы абалды сүйлөштү


Баткендеги чек арадагы айылдардын бири. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Баткендеги чек арадагы айылдардын бири. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 16-сентябда чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анда Жээнбек Кулубаев Сирожиддин Мухриддин менен такай байланышта болуп жатканын кабарлады.

"Кыргыз тарап чек арада жаралган жагдайды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин дагы бир жолу белгиледи. Министр Кулубаев соңку жагдайдан улам тажик кесиптеши менен такай байланышта болуп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда саат 9.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Анда "Кызыл-Бел-автожол" көзөмөл бекетинде Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалып жатканы, ага эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү катышары жазылган.

"Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт. Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда. Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда. Кыргызстандын чек арачылары тажик тараптын куралдуу агрессиясына жооп кылып, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн колдо болгон бардык техникаларды жана куралдарды колдонуу менен адекваттуу чараларды көрүүдө", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратып, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын, кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын билдирген. Анын алдында кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын маалымдаган. Баткен облустук администрация соңку жаңжалда кыргыз тараптан төрт жоокер жараат алганын кабарлаган. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат.

"Учурда Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, төрт жоокер жарадар болду. Райондун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо башталды. Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрү менен бирге чек арада жүрөт. Ал эми жалпы кырдаалды Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда",-деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында 15-сентябрда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткендеги Төрт-Көчө аймагында жолуккан. Атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Ал жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айткан. Ошонжой эле тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алган.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG