Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Чек ара: Булак-Башы аймагында дагы бир жерде өрт чыкты


Булак-Башы жайлоосунда чыккан өрт. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Булак-Башы жайлоосунда чыккан өрт. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен шаардык жана Баткен райондук жайыт ассоциациясынын башчысы Меңдибай Зикираев кабарлады. Анын ырасташынча, Баткен районунун Булак-Башы жерлигинде дагы атышуу болуп, тажик аскерлери миномет, БМП менен тынымсыз аткылап жатат. Мындан улам Булак-Башы аймагында дагы бир жерде өрт чыкты. Жарадарлар же каза болгондор тууралуу кабар алуу мүмкүн болгон жок..

Булак-Башыда 14-августтагы чек арадагы атышууда жайыт өрттөнгөн.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу башталды.

УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Чек ара кызматы тараптар кайсы жерде жолукканын тактаган жок.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирген. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну макулдашканы менен тажик аны аткарбай жатканын кабарлаган.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саат 10.00дон тартып ок атышууну токтотууну, жолугуп сүйлөшүүнү макулдашкан. Бирок тажик тарап макулдашууну аткарбай, ок атышууну токтотпой жатат",-деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда жараат алган 11 адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

15-сентябрда, Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткендеги Төрт-Көчө аймагында жолуккан. Атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айткан. Ошонжой эле тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алган.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга үн ката элек.

XS
SM
MD
LG