Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

Иран Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болду


Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканд шаарында өтүп жаткан саммити.
Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканд шаарында өтүп жаткан саммити.

Иран Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) толук кандуу мүчөсү болду. Бул тууралуу 16-сентябрда уюмдун Самарканд шаарында өтүп жаткан саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Иран 2005-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна байкоочу мамлекет статусун алып, 2021-жылы уюмга кирүү процедурасын баштаган.

ШКУ коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан 2001-жылы негизделген. 2016-жылы ююмга Индия менен Пакистан кошулган. Иранды кошуп эсептегенде ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти.

Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. Шавкат Мирзиёев Самарканд саммитинде Беларус да ШКУга толук мүчө болуу иш-чарасын баштаганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG