Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Казак парламенти Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду


Казакстандын парламентинин жыйыны. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Казакстандын парламентинин жыйыны. 16-сентябрь, 2022-жыл.

16-сентябрда Казакстандын парламенти Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү дароо эки окууда кабыл алып, президентти жети жылга бир мөөнөткө шайлоо жана өлкөнүн борбору Нур-Султан шаарынын аталышын кайра Астана деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты. “Азаттыктын” казак кызматы документ президент Касым-Жомарт Токаевге кол коюу үчүн жөнөтүлгөнүн жазды.

Документке эки окууда тең 50 сенатор жана 99 депутаттын 98и “макул” деп добуш берди. Мажилистин бир депутаты добуш берген жок. Казакстанда быйыл Баш мыйзамга ушуну менен экинчи жолу өзгөртүү киргизилгени жатат. Июнь айындагы референдумда Конституцияга 33 өзгөртүү кабыл алынган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган жана президентти жети жылга бир гана мөөнөткө шайлоо боюнча сунушун берген. Кезексиз шайлоого өзү да катышарын билдирген.

Казакстанда азыр иштеп жаткан Конституцияга ылайык, президент беш жылдык мөөнөттөн эки жолу шайлана алат.

Ага улай эле сентябрдын башында Мажилистин депутаттарынан түзүлгөн “Жаңы Казакстан” тобу Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Аны Касым-Жомарт Токаев да колдогон. Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталып Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.

XS
SM
MD
LG