Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Баткенге кошумча дарыгерлер жиберилиши мүмкүн


Эвакуацияланып жаткан эл. Лейлек. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Эвакуацияланып жаткан эл. Лейлек. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Баткендеги кырдаалга жараша Бишкектен жана башка аймактардан кошумча дарыгерлерди жиберүү маселеси каралып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда түрдүү профилдеги дарыгерлер чогултулууда. Зарылчылык болсо атайын учак менен жиберилет. Министрлик социалдык тармактардагы "дарыгерлер иш бөлмөсүнөн эле аэропортко жиберилип жатат" деген маалыматтарды жокко чыгарды.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Баткенде соңку жаңжалда жараат алган 18 адам ооруканага жаткырылды.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирген. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну макулдашканы менен тажик аны аткарбай жатканын кабарлаган.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саат 10.00дон тартып ок атышууну токтотууну, жолугуп сүйлөшүүнү макулдашкан. Бирок тажик тарап макулдашууну аткарбай, ок атышууну токтотпой жатат", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда таңкы саат 6да тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG