Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Чек арада жарадар болгон беш бала Бишкекке жеткирилди


Саламаттык сактоо министрлигинин 16-сентябрь, саат 23.30дагы маалыматына караганда кеминде 87 адам жараат алды.
Саламаттык сактоо министрлигинин 16-сентябрь, саат 23.30дагы маалыматына караганда кеминде 87 адам жараат алды.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасында жараат алган беш бала Баткенден Бишкекке жеткирилгенин кабарлады. Мекеменин билдиришинче, алар октон жана жарылуудан жаракат алышкан. Балдар шаардагы Эне-баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылды.

Министрлик 16-сентябрь, 23.30га карата маалымат берип, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жалпысынан кеминде 87 адам жараат алганын билдирген. Алардын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, калгандары ооруканага жаткырылганын кабарлаган.

Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирди. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан жок.

“Жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Азыр канча жоготуу болгонун тактап жатабыз. Тилекке каршы, жоготуулар жана жаракат алгандар көп. Ал эми жай тургундар арасындагы жоготуулар аз болду. Андан сырткары бир нече айылды басып алганга аракет кылышты. Эки тараптан тең көптөгөн үйлөр өрттөндү. Азыр айылдардагы маселени чечип жатабыз. Азыр эки айылыбыз калды”, - деди Ташиев.

Саламаттык сактоо министрлиги 15 жаштагы өспүрүм кыздын каза болгонун тастыктаган.

Ал тапта Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь саат 23:30дагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча акыркы маалымат таратып, кырдаал курч бойдон калып жатканын кабарлады.

Расмий маалыматта Тажикстан тараптан аткылоо уланып, айрым аймактарда тынымсыз атышуу болуп жатканы айтылат. Чек ара кызматынын маалыматында, тажик аскерлери саат 22:20да "Тамдык" чек ара бекетин аткылаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын кабарлайт.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлады.

"Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды.

Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG