Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Алимбаев ок атышууну толук токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди


Абдикарим Алимбаев. Архив сүрөт.
Абдикарим Алимбаев. Архив сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аркыркы кырдаал боюнча маалымат берди. Ал ок атышуулар айрым аймактарда маал-маалы менен болуп жатканын, аларды толук токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлады.

“Азыр аскер кызматкерлерибиз Ак-Сай айылында дагы бар. Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Борбордук, Арка айылдарында көйгөйлүү маселе болуп турат. Ошол жерде тажик жарандары тоноо, үйлөрдү өрттөө менен алектенип жатышат. Аларды токтотуу талабын тажик өкүлдөрүнө айтып жатабыз. Бүгүнкү күндүн аягына чейин тажиктердин делегациялары менен ок атууну аягына чейин токтотуп, техникаларды чек арадан алып кетүү боюнча иштеп жатабыз. Азыркы учурда атышуулар болуп кетип жатат. Эртең менен Кара-Бакта, Достукта, Төрт-Көчөдө болду”, - деди Алимбаев.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Оштун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки өлкөнүн Чек кызмат башчылары Уларбек Шаршеев (Кыргызстан) менен Ражабалы Рахмонали (Тажикстан) телефондон сүйлөшүп, жыйынтыгында саат 14:20га карата маалымат боюнча, тажик тарап Чоң-Алайдагы чек арачылардын позициясын аткылоону токтотконун кабарлаган.

Ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын жана Баткен районундагы Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын маалымдады.

Тажикстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда "Душанбе", "Сархадчи", “Лахш” тозоттору кыргыз тараптын ок атуусуна кабылганын билдиргенин "Озоди" радиосу жазды.

16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 9:00го карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 103 адам жараат алган. Алардын ичинен бешөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Тажик тарап жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазган. "Озоди" "Азия Плюс" маалымат агенттигине таянып, ондон ашык киши өлгөнүн, бирок маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын билдирди. Маалыматты көз карандысыз башка булактар тактай элек.

16-сентябрда эки тараптын УКМК, Чек ара жана жергиликтүү бийлик башчыларынын деңгээлинде үч ирет жолугушуу өтүп, ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишилген. Бирок кайра эле атышуулар Баткендин чек ара аймактарында уланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда ок атылып, ага эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG