Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Министр Кулубаев БУУнун баш катчысы менен телефондон сүйлөштү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш.

17-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү учурунда министр Кулубаев БУУнун баш катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардан каза болгон, жараат алган жайкын тургундар, талкаланган инфратүзүм, үй-жай, мектептер, кыргыз жарандарынын мал мүлкүн талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берди.

Саясий-дипломатиялык чыңалган абалды оңдоого багытталган аракеттер, ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрү тууралуу да айтылды.

Кулубаев “кыргыз тарап өзүн-өзү жана эгемен Кыргызстандын аймагын коргоо үчүн согуштук аракеттерге чечкиндүү жооп берүүгө аргасыз болуп жатканын” Гутерришке билдирди.

БУУнун баш катчысы түзүлгөн кырдаалга катуу тынчсызданып жатканын айтып, кагылышууларды токтотуп, абалды тынч сүйлөшүүлөр менен жолго салуу зарылдыгын белгиледи.

Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен жеке жолугууга даяр экенин, келерки аптада Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен да абалды талкуулай турганын айтты.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин билдирди. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG