Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Министрлик чек ара жаңжалында курман болгондор 36га жеткенин билдирди


Баткен облустук аймактык ооруканасы. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен облустук аймактык ооруканасы. 17-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 10:00го карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти.

"Баткендеги медициналык мекемелерге дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү",- деп жазылган маалыматта.

Куралдуу кагылышта жаракат алгандар азырынча 129 адам деп берилүүдө, анын ичинен жети адам үйдөн дарыланууга жиберилген.

Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек.

Маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн эмес. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG