Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

ӨКМ: Баткенге 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилди


Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркаган кыргызстандыктарга Сафед-Булан айылынан чогулган жардам. Ала-Бука району. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркаган кыргызстандыктарга Сафед-Булан айылынан чогулган жардам. Ала-Бука району. 17-сентябрь, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн чогулган 209 тонна гуманитардык жардам Баткенге жеткирилгенин кабарлады.

Министрликтин маалымат катчысы Алим Токторовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мунун ичинен 150 тоннага жакыны таратылып берилди. Анын айтуусунда, куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу өлкөнүн бардык аймактарында уланып жатат.

"Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган. Анын ичинде Ош облусунда 44, Ысык-Көл облусунда 69, Таласта 17, Чүйдө 12, Жалал-Абадда 12, Нарында 6, Ош жана Бишкек шаарларында бирден.

Бишкекте Спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. Каржы министрлиги 17-сентябрь, саат 17:00ге карата чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар үчүн 10 миллион сомго чукул акчалай жардам чогулганын кабарлаган.

Казакстандык журналист Назгүл Жарбулова кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркаган кыргызстандыктар үчүн мекендештеринен 1 миллион 650 миң теңге (2100 доллар чамалуу) чогултуп, берип жиберген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG