Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ош милициясы чек арадагы окуяны колдонгон шылуундардан сак болууга чакырды


Ош шаардык милициясы. Иллюстрация сүрөт.
Ош шаардык милициясы. Иллюстрация сүрөт.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жаралган кырдаалдан пайдаланып, жеке кызыкчылыгы үчүн каражат чогулткан шылуундардан этият болууга чакырды.

Мындай билдирүү шаардык милициянын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда көчөдө, соода түйүндөрүндү, ишкана-мекемелерди аралап "Баткенге жардам" деген жазуусу бар баштыкча же кутуча көтөрүп жүргөн кишилерге жардам көрсөтпөө керектигин эскертилген. Бирок андай шылуундар каерде жүргөнү тууралуу конкреттүү мисал келтирилген эмес.

Ош шаарында гуманитардык жардам калаанын борбордук аянтында уюштурулган пунктта кабыл алынууда.

Каржы министрлигинин 18-сентябрдагы кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион 175 миң 38 сом түштү.

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жайлар уюштурулуп, анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдарды чогултуп, автоунаа менен жөнөтүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Бишкек баштаган бардык аймактарда чогултулган, Баткенге жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды бөлүштүрүү, анын эсеп-кысабын алуу үчүн атайын комиссия иштеп жатканын билдирди.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде Кыргызстанда 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Тажикстан 32 жараны өлгөнүн билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG