Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Баткенге жардам эсебине 26 миллион сомдон ашуун каражат чогулду


Баткен облусунун элин колдоо эсебине 19-сентябрь саат 10:00гө карата 26 миллион 72 миң 750 сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстадын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы билдирди.

Бул сумма кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчун ачылган атайын эсептеги каражат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы калабада жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү бардык аймактарда уланып жатат.

Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Бери дегенде 163 киши жарадар болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Тажикстанда 30дай адам каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдалганы менен "Озоди" радиосу каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жоктугун жазууда. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG