Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Акылбек Жапаров алдын ала эсеп боюнча Баткенде 282 объект талкаланганын билдирди


Лейлектин Максат айылындагы талкаланган бала бакча. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Лейлектин Максат айылындагы талкаланган бала бакча. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Баткендеги соңку чек ара жаңжалынын кесепетинен алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы, соңку куралдуу жаңжалда талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда комиссия ишин баштап, жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

"Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланган. Анын ичинде социалдык объектилер, аскердик казармалар, жеке турак жайлар бар. Учурда баары такталып жатат. Бул объектилердин баары кышка чейин калыбына келтирилет. Аскерлер казармаларга, жарандарыбыз жаңы үйлөргө киргизилет. Эң зарыл болгон объектилерди 40 күндүн ичинде калыбына келтиргенге максат кылып жатабыз",-деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы комиссия курман болгон аскерлер жана жайкын тургундарга материалдык жардам көрсөтүү ишин да уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын көлөмү кийинчерээк белгилүү болот.

Буга чейин президент Садыр Жапаров "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эки облуста болгон куралдуу кагылыштан жабыр тарткандарга жардам берүү, талкаланган объектилерди калыбына келтирүү өкмөткө тапшырылган.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматына караган, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстанда бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.

Тышкы иштер министрлиги соңку окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Тажик тарапты Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Ошондой эле чек арадагы айылдарда турак жайлар жабыркаганын жазды. Бул тууралуу расмий маалыматтар айтыла элек.

Маалыматтпрды көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG