Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

БУУнун кеңсесинин алдында чек арада курман болгондорду эскерген акция өттү


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгондорду эскерген акция өткөрдү. Ал 19-сентябрда колуна "Түбөлүк жашайсыңар" деген жазуусу бар кагазды кармап турду.

"БУУ кыргызстандыктардын аза кайгысын тең бөлүшүп, аскердик кылмыш жасаган Рахмон (Тажикстандын президенти) боюнча ишти Эл аралык сотто калыс кароого көмөктөшүп, кан төгүлгөн аймакка окуяны ийне жибине чейин калыс териштирген көз каранды эмес адистердин тобун жиберет деп ишенгибиз келет", - деди Токтонасыров.

Расмий маалыматка ылайык, куралдуу кол салууда 59 кыргызстандык набыт болуп, бери дегенде 163 киши жараат алды.

Тажик бийлиги 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 19-сентябрга караган түн тынч өткөнүн, бирок абал чыңалуу экенин билдирген. Бул күнү Кыргызстанда Улуттук аза күтүү жарыяланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG