Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Ташиев: Баткенде кырдаал оор жана стабилдүү


Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен.
Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, бирок оор экенин 19-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

“Кырдаал оор жана стабилдүү. Бүгүнкү күндө “толук коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла” деп айта элекмин. Оор техниканы чек арадан алып кетүү процесси жүрүп жатат, коңшулар менен кошо. Кээ бир жерде өтө оор жүрүп жатат. Түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ошол комиссиянын жыйынтыгы менен 1-2 күн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элди кайра алып келгенге аракет кылабыз”.

Ташиев чек арадагы айылдарда талкаланган үйлөрдүн саны, баштапкы маалымат боюнча, 300дөй экенин кошумчалап, алардын ээлерин “азыр үйүнө алып келе албайбыз, бирок тез ара ичинде чара көрүп, алардын үйлөрүн ордуна коюп, алып келебиз” деди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атап, тажик тарапты “Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

19-сентябрда кыргыз эли аза күтүп жатат. Баткендеги чек арадагы куралдуу кармашта кеминде 59 кыргыз жараны мерт болду, дагы 163ү жараат алды, чек арадагы айылдардан 140 миңден ашуун тургун коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Тажик бийлиги 30дай жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (RK)

XS
SM
MD
LG