Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

“Талибан” менен АКШ камактагы жарандарын алмаштырды


Америкалык инженер Марк Фрерикске алмаштырылган Хажи Башир Нурзай (солдо). 19-сентябрь, 2022-жыл. Кабул, Ооганстан.
Америкалык инженер Марк Фрерикске алмаштырылган Хажи Башир Нурзай (солдо). 19-сентябрь, 2022-жыл. Кабул, Ооганстан.

Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) америкалык инженер Марк Фрериксти алмашуу жолу менен АКШга өткөрүп берди. Бул тууралуу талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки 19-сентябрда атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Фрерикс Америкада баңгизат сактоого айыпталып камалып жаткан ооган жараны Хажи Башир Нурзайга алмаштырылган. Аларды алмаштыруу дүйшөмбү күнү таңга жуук Кабулдун аэропортунда өттү.

Америкалык жарандын боштондукка чыгарылганы тууралуу маалыматты Кошмо Штаттар расмий бере элек. Кабар көз карандысыз булактар аркылуу да ырастала элек.

Марк Фрерикс — АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн инженери жана ардагери. Ал Ооганстандагы өнүктүрүү долбоорлорунда он жылдай иштеген. Фрериксти 2020-жылы февралда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Хажи Башир Нурзай талибдер 1990-жылдары бийликте турган маалда алардын финансылык тарапкери болгон. 2005-жылы АКШда камакка алынып, 50 миллион долларлык героинди мыйзамсыз ташууга айыпталган.

2009-жылы ал өмүр бою абакка кесилген. Бошотулгандан кийин Нурзайды Кабулда талибдер гүл менен тосуп алышты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG