Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Чогуу кызмат өтөгөндөрдү калкалап жатып курман болгон Мурзаевдин сөөгү жерге берилди


Чек ара кызматынын "Бөрү" отрядынын кызматкери Илимбек Мурзаев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда курман болду.
Чек ара кызматынын "Бөрү" отрядынын кызматкери Илимбек Мурзаев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда курман болду.

Баткенде Чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” отрядынын прапорщиги Илимбек Мурзаевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу 19-сентябрда “Азаттыкка” анын атасы Манас Абдраимов билдирди.

Баткен шаарынын тургуну, 27 жаштагы Мурзаев кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышты Ак-Сай аймагында чогуу кызмат өтөгөн аскерди калкалап жаткан учурда жанына снаряд түшүп, курман болгон.

Атасы Манас Абдраимовдун айтымында, ал кызматын сүйгөн, мекен алдында берген аскердик антын так аткарууга умтулган адам эле.

“Жумушундагы автоунааларды улам оңдоп турчу. Бир сапар унаа оңдогон ачкычтарды өзүнүн айлыгын берип сатып алды да, “эми биздин унаалар бузулбайт” деп айтты. Мен уулум менен сыймыктанам, ал өз мекени үчүн жан берген, элинин чыныгы уулу болду”.

Илимбек Мурзаев Улуттук гвардияда үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин Баткендеги “Бужум” аскер бөлүгүндө, соңку беш айдан бери “Бөрү” отрядында айдоочу болуп иштеп жаткан. Жакында прапорщик наамын алган.

Анын артында жубайы, бүгүн, 19-сентябрда бир жашка толгон Алия аттуу кызы калды.

Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө ал жакындарына WhatsApp аркылуу билдирүү жөнөтүп, “Жакшы тургула, айланаңар гүл болсун!” деп айткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атап, тажик тарапты “Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Андан бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, дагы 163ү жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 19-сентябрдагы басма сөз жыйында кыргызстандыктар арасында каза болгондордун кыркы аскер кызматкери экенин маалымдады.

Тажик бийлиги 30дай жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (KS)

XS
SM
MD
LG