Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Ташиев: Толук коопсуз болгондо элди кайра алып келгенге аракет кылабыз


Баткен. Арка айылы. 2022-жылдын 17-сентябры.
Баткен. Арка айылы. 2022-жылдын 17-сентябры.

Баткенде чек арадагы окуяда талкаланган үйлөрдүн саны 300дөй экенин 19-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Толук эмес маалымат боюнча, 300гө жакын үй жабыркаган. Ошол үй-бүлөлөрдү азыр кайра өзүлөрүнүн үйүнө алып келе албайбыз. Бирок тез арада чара көрүп, алардын үйлөрүн ордуна коюп, алып келебиз”.

Үй-жайынан ажырагандар азыр жер-жерлерде ачылган пункттарда баш калкалап турушканын, алар тамак-аш, дары-дармек менен камсыз болгонун айткан Ташиев кемчиликтер бар экенин билдирди жана элди сабыр кылууга чакырды.

Ошондой эле УКМК башчысы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, бирок оор экенин айтып, үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорго “Толук коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла” деп айтуу азыр мүмкүн болбой жатканын белгилеп, “бир-эки күн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элди кайра алып келгенге аракет кылабыз” деп айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атап, тажик тарапты “Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Кол салуудан бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, дагы 163ү жараат алды, чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Тажикстанда 30дай адам каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин маалымдалганы менен "Озоди" радиосу каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жоктугун жазууда. Маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Окуяга байланыштуу эки тараптуу да, ички да комиссиялар түзүлүп, иштеп жатканы кабарланган.(RK)

XS
SM
MD
LG