Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Иманкулов: Баткенге кол салгандар арасында жарандык кийимчендердин курал көтөрүп жүргөнү иликтенет


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин тартылган сүрөт, Лейлек району. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин тартылган сүрөт, Лейлек району. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Баткенге тажик тараптан кол салгандардын арасында жарандык кийимчен, сакалчан адамдар жүргөн фактылар боюнча да териштирүү жүрөрүн 19-сентябрда “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

“Биз байкаган бир өзгөчөлүк – алардын чек арачыларынын, куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин арасында жарандык кийимчендер, сакалчандар курал-жарак көтөрүп алып аткылап жүрүштү. Ошолор айылдарды кыдырып, тамдарды өрттөштү, жардыра башташты, талап-тоношту. Ушундай фактылардын баарын комиссия териштирет эми”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атап, тажик тарапты “Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду" деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Кол салуудан бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, дагы 163ү жараат алды, чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

19-сентябрда кыргыз эли аза күтүп жатат. Баткендеги чек арадагы куралдуу кармашта кеминде 59 кыргыз жараны мерт болду, дагы 163ү жараат алды, чек арадагы айылдардан 140 миңден ашуун тургун коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Тажик бийлиги 30дай жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG