Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине көңүл айтты


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Кыргызстандын элине кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудагы жоготуулары үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтты. Казак президенти кыргыз элине тынчтык жана бакубаттуулук каалаган.

"Достук, ынак коңшулук мамилени сактоо - Борбор Азиядагы бир тууган элдин ата-бабаларынан бери келе жаткан негизги милдет. Казакстан бардык талаштуу маселелерди тынч, дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайт",- деп жазылган казак президентинин телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев ушундай эле маанидеги көңүл айтууну Дүйшөмбүгө да жолдогон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууда Кыргызстан кеминде 59 жаранын жоготту. 19-сентябрда жалпы өлкөдө аза күтүлдү.
Куралдуу кагылыштан 183 адам жаракат алып, 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка убактылуу жер которду.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы кагылышта 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG