Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

10 миңдей этникалык кыргыз документ ала албай жүргөнү парламентте айтылды


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын 10 миңдей документи жок жүрөт.

Бул тууралуу 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди:

«Бейрасмий эксперттердин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда жашы 18 жаштан жогору, бирок тек-жайын тастыктоочу документи жок 10 миңдей этникалык кыргыз бар экен, айрымдарынын паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен. Алар медициналык кароодо, билим алууда жана башка бир нече маселеде аябай азап чегип жатат, түйшүк болуп жатат. Санариптештирүү шартында бизге башка мамлекеттерден көчүп келген кайрылмандарыбызды, боордошторубузду азапка салбай, документ берүүдө бир топ жеңилдиктерди беришибиз керек".

Жыйында депутаттардын кароосуна көчүп келген этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктерге жана Кыргызстандын жарандыгына байланыштуу депуаттар тобу жана өкмөт иштеп чыккан эки мыйзам долбоору коюлду. Эки долбоор тең биринчи окууда талкууланууда.

Депутат Акаевдин айтымында, аларга кайрылман деген документ алуусун, жашаган жери боюнча каттоого туруусун жеңилдете турган шарттар каралган.

Кыргызстанда мыйзам парламенттин талкуусунан өткөндөн кийин кабыл алынат.

Кыргызстанда жалпы 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилгенин быйыл 20-июнда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирген. "Кайрылман" макамын алгандардын көбү Өзбекстандан келгендер. (RK)

XS
SM
MD
LG