Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

ТИМ Тажикстандын билдирүүсүн чагым катары баалады


Куралдуу кол салуудан аткыланып өрттөлгөн үй. Миң-Өрүк айылы, Баткен облусу. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Куралдуу кол салуудан аткыланып өрттөлгөн үй. Миң-Өрүк айылы, Баткен облусу. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча айтканына жооп кайтарган билдирүү таратты.

"Жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет өлкөнүн ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбой айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын кадимки нормаларына жооп бербейт. Бурмаланган жана жалган маалыматтардан турган ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр - ырастоону талап кылбаган бүтүм. ​Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга жасаган бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабай, Тажикстандын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргызстанга каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда", - деп жазылган билдирүүдө.

​Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргызстандын эгемендүү аймагын куралдуу күч менен басып алууга негиз болбосун да эскертти.

ТИМ мурдараак 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптаган. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоо аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Кыргызстан расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү кеминде 59 жаранын жоготту, алардын кыркка жакыны аскер кызматкерлери экени айтылды. Аткылоодон 15 жаштагы кыз мерт болду. 183 адам түрдүү жараат алды, 12си балдар, бирөө ымыркай. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Курмандыктар жана жараат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG