Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы жардырылган көпүрөдө каттам жанданды


Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы көпүрө аркылуу кыймыл кайра ачылды.
Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы көпүрө аркылуу кыймыл кайра ачылды.

Баткенде тажик тараптын кол салуусу учурунда жардырылганы айтылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, кыймыл кайра жанданды. Бул тууралуу 20-сентябрда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тажик аскерлери жардырган көпүрө ушул 36 метрлик, Ак-Сайга кеткен көпүрө. Көпүрө аркылуу жүрүү мүмкүнчүлүгү чоң машиналар үчүн да, жеңил машиналарга да бар”, - деди Тиллаев.

Тиллаев көпүрөнү жаңылап кайра куруу үчүн техника мобилизация болуп, иш башталганын кошумчалады.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы "16-сентябрда Баткен районундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган көпүрөнү тажик аскерлери жардырган" деп билдирген. Тажик тарап бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болгонун билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG