Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда бүгүнкү күндө Баткенде жараат алган жети бала дарыланууда. Бул тууралуу 20-сентябрда “Азаттыкка” оорукананын башкы дарыгери Гүлзат Маймерова билдирди. Анын айтымында, алардын баарына ок тийген.
"Эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те. Балдардын биринен окту алып чыктык, биринен 35 майда сынык чыкты. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Көбүнө ок алар качып баратканда тийген”.
Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болгонун билдирди.
Кыргыз тараптан жараат алгандар, соңку маалымат боюнча, 185 адам болду, алардын 12си балдар экени 19-сентябрда айтылган. (AiA)
Facebook шеринеси