Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Баткен: 824 тонна гумжардамдын 528 тоннасын демилгечилер өз алдынча жеткирди


Баткен.
Баткен.

Баткенге соңку күндөрү жөнөтүлгөн 824 тонна гуманитардык жардамдын 528 тоннасын демилгечилер өз алдынча жеткирип беришти. Бул тууралуу 20-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу ачылган өкмөттүк штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди, мекеменин кампасында дагы 165 тонналык жардам сакталып турат.

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында гумжардам чогултуу боюнча 188 пункт иштеп жатат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болгонун билдирди.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG