Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Киев Орусияны дагы бир АЭСке сокку урганы үчүн айыптады


Николаев облусундагы Түштүкукраин атомдук электр станциясы.
Николаев облусундагы Түштүкукраин атомдук электр станциясы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-сентябрда Телеграм-каналы аркылуу билдиргендей, орус армиясынын ракетасы Николаев облусундагы Түштүк украин атомдук электр станциясына 300 метр жетпей түшкөн.

"Орусия бүт дүйнөнү коркунучка кептеп жатат. Биз муну өтө кеч болуп кете электе токтотушубуз керек", - деди Зеленский.

Ошол эле күнү украиналык "Энергодар" компаниясы орус армиясынын соккусунан АЭСтеги үч реактордун бири да жабыркабаганын жана объект өз нугунда иштеп жатканын билдирди.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик чабуул тууралуу үн ката элек.

Учурда Запорожье АЭСи толук орус армиясынын карамагында. Европадагы эң ири деп саналган станцияны орус күчтөрү марттын башында басып алган. Бир нече айдан бери АЭСтин айланасында атышуулар тынбай келет. Ал үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG