Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Ташиев: кыргызстандык төрт аскер кызматкери туткундан бошотулду


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта туткундалган кыргызстандык төрт аскер кызматкери бошотулуп, мекенине кайтарылды. Алар эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кайтарылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымдады.

"Барымтада турган төрт жоокерибизди алып чыктык. Төртөө тең аман-эсен. Бирөөнүн бутунда бир аз жаракат бар экен. Азыр баарын ооруканага толук текшерүүгө алып кетти, эртең туугандарына өткөрүп беребиз", - деди Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан 14-17-сентябрь күндөрү 40 аскер кызматкери курман болуп, 70тен ашууну түрдүү жаракат алган. Бир нече аскер кызматкери дайынсыз жоголгону кабарланган.

Кыргызстан бүгүн, 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күтүүдө.

Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG