Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46

БДК: Сохтон коридор берүү чечими жарандардын өмүрүн сактап калууга салым кошту


Баткенден Сох анклавы аркылуу Кадамжайга бара жаткан унаалар. Сох, Өзбекстан. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Баткенден Сох анклавы аркылуу Кадамжайга бара жаткан унаалар. Сох, Өзбекстан. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Бириккен демократиялык кыймылы (БДК) Сох анклавы аркылуу гуманитардык коридор ачып бергени үчүн 19-сентябрда Өзбекстандын элине жана бийлигине ыраазычылык билдирген кайрылуу таратты.

"Бул коридор аркылуу өзбек мамлекети кыргыз жарандарынын өмүрүн жана ден соолугун сактап калууга чоң салым кошту. Бириккен демократиялык кыймыл Өзбекстандын элине, президенти Шавкат Мирзиёевге, өкмөтүнө жана чек ара кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирет", - деп жазылган кайрылууда.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунан 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон. Баткен-Халмион-Кадамжай жолу аткыланып жатканына байланыштуу Өзбекстан элди Сох анклавы аркылуу өтүүчү жолдор менен эвакуациялоого уруксат берген.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматына караганда, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды.

Өлкөдө бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады, талкаланган объектилер боюнча маалымат бере элек.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG