Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Президенттин Баткендеги өкүлү Ак-Сайда 180 үй өрттөлгөнүн билдирди


Кыргыз-тажик чек арасы. Максат айылында өрттөлгөн үй. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. Максат айылында өрттөлгөн үй. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн. Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда журналисттерге билдиргендей, Ак-Сайдагы үйлөрдөн тышкары социалдык обьектилер да талкаланып, өрттөнгөн.

"Быйылкы жаңы окуу жылына карата Ак-Сайда жаңы бала бакчаны пайдаланууга бердик эле. Ошол бакчаны жана мектепти да аткылап, талкалашкан. Биздин Көк-Таш - Тамдык жолундагы көпүрөнү да атайын жардырышты. Мындан тышкары мал-жандыктар уурдалган", - деди Алимбаев.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматына караганда, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды.

Өлкөдө бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган эмес.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG