Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда элди аскерге мобилизациялоо жүргөн жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 19-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.
"Бизде күч жетиштүү. Ошондуктан, элди аскерге мобилизациялаган жокпуз. Эгер керек болсоңор, чакырып алабыз. Бирок азыр бизде күч да, курал-жарак да жетиштүү. Чек араны коргоп алууга дараметибиз жетет".
Марат Иманкулов тажик тараптан чек арадан куралдуу күчтөрүн алып кетүүнү дагы да өтүнөрүн айтты.
"Мен Тажикстан бийлигин агрессияны токтотууга, тынч, ынак коңшулукта жашоого чакырам. Бизге да, тажик элине да согуштун кереги жок. Чек ара маселесин саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүү аркылуу чечели. Эки тараптан тең элди кыйноону токтотолу", - деди Иманкулов.
Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматты боюнча, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды.
Өлкөдө бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.
Тажик бийлиги 30дай жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.
Маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (ZKo)