Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Иманкулов: чек арада 40 аскер кызматкери курман болду


Куралдуу кол салууда курман болгон аскердин сөөгүн жерге берүү учуру. Ноокен, Жалал-Абад. 18-сентябрь, 2022-жыл
Куралдуу кол салууда курман болгон аскердин сөөгүн жерге берүү учуру. Ноокен, Жалал-Абад. 18-сентябрь, 2022-жыл

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда Кыргызстан тараптан 40 аскер кызматкери каза таап, 70тен ашууну түрдүү жаракат алганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 19-сентябрда журналисттерге билдирди.

"Чек арачылар, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары болуп, жалпы 40 аскер кызматкерибизди жоготтук. Тилекке каршы, бул акыркы сан эмес. Алардын айрымдары мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Биздин аскерлер абдан каармандыкты, баатырдыкты көрсөтүштү. Көпчүлүгү ошол жерде жерин коргоп, элин коргоп жатып, баатырларча курман болушту".

Иманкуловдун айтуусунда, оор жаракат алган аскерлер Ошко, Бишкекке жеткирилип, дарыланууда. Ал 2021-жылдан тарта Куралдуу күчтөрдү бекемдөө үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айтты. Учкучсуз учактар жана башка курал-жарактар алынып, айлык акы көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматты боюнча, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды.

Өлкөдө бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG