Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Чек арада окко учкан Бекмырза Шарабидин уулунун сөөгү жерге берилди


Бекмырза Шарабидин уулунун тажиясынан алынган сүрөт. Ноокен, Жалал-Абад. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Бекмырза Шарабидин уулунун тажиясынан алынган сүрөт. Ноокен, Жалал-Абад. 18-сентябрь, 2022-жыл.

16-сентябрда Бекмырза Шарабидин уулу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылоодо курман болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Ноокен районундагы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Арык айылында жерге берилди.

Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан бери келишимдик негизде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматында аскер кызматкери болуп иштеп келе жаткан. Алгач №2027 "Маданият" чек ара бекетинде иштеп жүрүп, 2020-жылы Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетине которулган.

Чек ара кызматынын маалыматында "Бекмырза Шарабидин уулу 2021-жылы апрель, майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Мекенди жана чек араны активдүү коргогон. 16-сентябрь күнү Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетинде баатырларча курман болду" деп жазылган.

Кыргызстандын билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти.

129 адам жаракат алды, анын ичинде 7 адам үйдөн дарыланууга жиберилген. Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.

140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.(TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG