Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Чек арада окко учкан Эламан Ураимовдун сөөгү Савайга коюлду


Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сүрөт соцтармактан алынды.
Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сүрөт соцтармактан алынды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Эламан Ураимовдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди.

"Ал курчоодо калса да, өзү эле эмес, он чакты душманды кошо граната жардырып, ала кетиптир. Эламандын эл үчүн, жер үчүн өз өмүрүн да аябай, эрдик кылганын эл туура баалап эле, туура кубаттап жатышат", - деди Эламан Ураимовдун атасы Курстан Бегиев.

28 жаштагы Эламан Ураимов Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүрүп, кийин Аскер институтун аяктаган. Эки жыл Жалал-Абад облусундагы "Скорпион" полкунда кызмат кылып, 2017-жылы Баткен облусундагы "Бужум" чек ара бекетине которулган. Батальондун командири болгон. Артында эки баласы калды.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Раззаков шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого да мүмкүн боло элек.(AA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG