Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Чек ара жаңжалында жаракат алгандардын саны 134 адамга жетти


Баткендеги облустук аймактык ооруканасы. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Баткендеги облустук аймактык ооруканасы. 17-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 11:00гө карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 134 адам түрдүү жаракат алды.

Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова маалымат жыйында билдиргендей, алардын ичинен абалы оор бир нече адамга Бишкекте операция жасалат.

Айгерчинова бардык ооруканалар зарыл дары-дармек менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалганын да маалымдады. Бишкектен 89 дарыгер жана медициналык кызматкер Баткенге жиберилген.

Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, чек арадагы куралдуу кагылышуудан кеминде 36 адам мерт кетти. Арасында 15 жаштагы кыз бар.

140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Раззаков шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG