Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Баткенге жардам катары 70 миллион сомдон ашык каражат чогулду


Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсепке акча которуп жаткан жарандар. Спорт сарайы, Бишкек. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсепке акча которуп жаткан жарандар. Спорт сарайы, Бишкек. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Каржы министрлигинин 19-сентябрь, саат 17:30га карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 70 миллион 409 миң сом түштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын каржы министринин орун басары Улан Даникеев 19-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, бул каражаттан азырынча эч кандай муктаждыкка сарптала элек.

"Каржы министрлиги бул акчанын сарпталган ар бир тыйыны үчүн сиздерге отчет берет. Азырынча бул акчадан бир тыйын да сарптала элек. Бул эсептин кирешеси жана чыгашасы биздин министрликтин сайтына жарыяланып, көрсөтүлүп турат", - деди Даникеев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жай уюштурулуп, анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдарды чогултуп, автоунаа менен жөнөтүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 19-сентябрдагы маалыматына караганда, чек ара жаңжалынан жабыркагандарга жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинен 301 тоннасы элдин күчү менен жыйналган.

Кыргызстан боюнча жалпы 188 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматына караганда, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Алдын ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды.

Өлкөдө бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG