Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Баткен: Жараат алган 164 адамдын 12си балдар


Баткен.
Баткен.

Баткенде жараат алган 164 адамдын 12си балдар экенин 19-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди. Анын айтымында, калган 129у эркектер, 13ү аялдар.

Жараат алгандардын 42си Баткендин, 96сы Бишкектин, алтоо Оштун ооруканаларында, 20сы үйдөн дарыланууда.

Буга чейин жараат алгандардын саны 163 экени айтылып жаткан.

Кыргызстан бүгүн, 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күтүүдө. Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (RK)

XS
SM
MD
LG