Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан багыты боюнча алгачкы поезд жолго чыкты


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору боюнча жолго чыккан алгачкы эксперименталдык поезд.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору боюнча жолго чыккан алгачкы эксперименталдык поезд.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридорундагы Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жолу боюнча алгачкы эксперименталдык поезд жолго чыкты.

Бул тууралуу 19-сентябрда «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы билдирди.

Оштогу темир жол станциясында 12 контейнерден турган поезд куралган. Алардын ичине азык-түлүк, үй техникасы жана айыл-чарба товарлары жүктөлгөн.

Мунун баары Ооганстандагы Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд ал жакка эки күндөн кийин барары күтүлүүдө.

14-сентябрда Самаркандда «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулушу тууралуу келишимге кол коюлган. Бул темир жолдун курулушу 2000-жылдардын башында демилгеленген, бирок ишке ашпай келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG