Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Кыргызстанда ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгып, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде биринчи окууда талкууланды.

«Волонтердук иш жɵнүндɵ» деп аталган мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыккан.

Демилгечилердин бири, депутат Балбак Түлөбаев коронавирус пандемиясы учурунда ыктыярчылар бир катар кыйынчылыктарга туш болушканын, мыйзам долбоору алардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыкканын айтты.

Талкуу учурунда айрым депутаттар волонтердук ишмердүүлүк ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн, андыктан ага мамлекет кийлигишпеши жана жоопкерчилик албашы керектигин, 18 жашка чейинки курактагылар үчүн ата-энесинин уруксаты талап кылынуусу зарылдыгын, ыктыярчыларды саясий жана диний максатта пайдаланууга жол бербөө керек экенин айтышты.

Мыйзам долбоору бүгүнкү отурумда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен толукталып чыкмай болду.

Кыргызстанда ыктыярчылар 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда бейтаптарга чукул жардам берүү жагынан көп иш жасашкан. Бул күндөрү ыктыярчы топтор Баткендеги окуяда жабыркагандарга, үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорго жардам уюштурууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG