Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Баткенге республикалык бюджеттен 497 миллион сом бөлүндү


Кыргызстан, Баткен облусу. Ак-Сай айылы. 16-17-сентябрдагы куралдуу жаңжалдан кийин. Сүрөт 20-сентябрда тартылган.
Кыргызстан, Баткен облусу. Ак-Сай айылы. 16-17-сентябрдагы куралдуу жаңжалдан кийин. Сүрөт 20-сентябрда тартылган.

Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн 20-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат.

Каржы министрлигинин соңку маалыматына караганда, Баткенде жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 100 миллион сомдон ашуун каражат түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги талкаланган үйлөрдүн саны 364 экенин билдирди. Мындан тышкары социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 57 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG