Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Батыш лидерлери Москванын Украинада пландаган референдумдарын четке кагышты


Батыштагы бир катар өлкөлөрдүн башчылары Украинанын Москва басып алган аймактарын Орусияга кошуу максатында референдум өткөрүү планын четке кагышты.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон бул референдумдарды кескин четке какканын айтса, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон экөө тең москвачыл жикчилдердин максатын "жасалма" деп мүнөздөштү.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөрдүн алдында бул референдумдардагы добуштардын юридикалык күчү болбойт деди. Шольц мындай референдумдар эл аралык укук нормаларын бузарын белгилеп, анын натыйжасы кабыл алынбасын журналисттерге билдирди.
Канада менен Евробиримдик да 23-сентябрга белгиленген референдумду сындашты.

Расмий Киев да бир нече мындай мыйзамсыз добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарда жана орус армиясы көзөмөлдөп турган Херсон облусунда Орусияга кошулуу тууралуу референдумдун датасын жергиликтүү орусиячыл бийлик 23-27-сентябрь күндөрүнө болжоду.

Шейшемби, 20-сентябрда Донецк жана Луганск "элдик республикаларынын" депутаттары тиешелүү мыйзамды кабыл алып, ага жикчил аймактардын жетекчилери да кол коюшту.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясы 55 миңдей аскерин жоготконун кабарлап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG