Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Февраль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мезгилсиз дүйнөдөн кайтты


Робин Орд-Смит.
Робин Орд-Смит.

Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 57 жаш курагында көз жумганын маркум жетектеп келген мекемеден кабарлашты.

Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган. Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын Тажикстандагы, андан кийин Кыргызстандагы элчиси болгон.

Бизнес-акыйкатчы инстититуту Робин Орд-Смиттин ишкерлердин укугун коргоодогу чоң салымдарын белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG