Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Орусияда аскердик мобилизацияга каршы чыккан миңден ашуун адам кармалды


Аскердик мобилизацияга каршы акцияга чыккандарды кармоо учуру. Москва. 21-сентябрь, 2022-жыл.
Аскердик мобилизацияга каршы акцияга чыккандарды кармоо учуру. Москва. 21-сентябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларында 21-сентябрь күнү аскерге жарым-жартылай моибилизациялоо тууралуу мыйзамга каршылыгын билдирип, жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты.

Москвада Эски-Арбат аянтына чыккан элдин арасында аялдар көп болду. Алар "Биздин балдарыбызга жашоо!", "Согушка жол жок!" деп кыйкырышты. Кол кармашып, узун чынжырча болуп турган элди полиция кызматкерлери кармап кетти.

Санкт-Петербург шаарында мобилизацияга каршылар Исаак соборунун аянтына чогулушту. Аларды полиция курчап, кармап кетти. Кармоо учурунда полиция акциянын катышуучуларын желим таяк менен сабаганы тартылган тасмалар тарады.

Саат 23:30га карай Москва жана Санкт-Петербург шаарларында кеминде 1060 адам кармалганын укук коргоочу "ОВД-Инфо" уюму жазды.

Мобилизацияга каршы митинг, жүрүш, пикет жана башка акциялар Орусиянын 38 шаарында болду. Акцияга катышкандардын ичинен 1300дөн ашуун адам кармалганы кабарланды.

Екатеринбург шаарында активисттердин бирине бийлик өкүлүнө кол салды деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул шаарда 40 адам кармалган.

Челябинскиде 30, Перм, Уфа шаарларынын ар биринде 20дан ашуун адам кармалган.

Кармоолор Красноярск, Тверь, Воронеж, Краснодар, Саратов, Калининград, Петрозаводск, Рязань, Иркутск жана башка шаарларда да жүргөнү кабарланды.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Орусиядагы укук коргоочулар жана активисттер аскерге мобилизация тууралуу чакыруулар жарандарга 21-сентябрдан тартып келе баштаганын маалымдашууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG