Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

УКМК: Чек арада кырдаал тынч


Соңку куралдуу кол салуунун кесепети. Достук айылы, Баткен району. Сентябрь, 2022-жыл.
Соңку куралдуу кол салуунун кесепети. Достук айылы, Баткен району. Сентябрь, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 22-сентябрь, 8:30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу мүнөздө деп билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай окуялар катталган жок.

Чек ара аймактарын жарылбай калган ок-дары, жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу уланып жатат.

Эки тараптын жумушчу комиссиялары кырдаалдын курчуп кетишинин алдын алуу, чек арадан кошумча аскер күчтөрүн алып кетүү боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышына көзөмөл кылып жатканы кабарланды.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан.

Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.

Андан мурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды "агрессияга" айыптаган. Ок атышуу маалында каза болгондор арасында балдар да барын белгилеп, билдирүү тараткан.

19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG