Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кош жарандыгы барлар Орусиянын гана жараны болуп эсептелери айтылды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандыктар Орусиянын гана жараны болуп эсептелерин бүгүн 23-сентябрда Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги билдирди. Элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова «Азаттыкка» кабарлагандай, Орусиянын гана жараны деп эсептелбеш үчүн бул өлкөнүн эл аралык келишимдерин колдонсо болот, бирок, Кыргызстандын Орусия менен мындай келишимдери же макулдашуулары жок.

Жусубакунова “кыргыз жарандарын кыйнап, каалоосуна каршы мобилизациялоо иштери жүрүп жатат” деген сөздөр туура эмес экенин айтууда:

«Орус жарандыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 31-майындагы федералдык мыйзамга ылайык, Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар кош жарандыгы бар экенине карабастан Орусиянын гана жараны болуп саналат. Мобилизация тууралуу жарлыкка ылайык, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө аскердик кызматка Орусиянын жарандары чакырылууда. Мобилизациялоо Орусиянын жарандарына гана тиешелүү. Ал эми Кыргызстандын жарандары чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге, куралдуу чыр-чатактарга катышса Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык 10 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, жазага тартылат”.

Жусубакунова кошумчалагандай, алгачкылардан болуп мобилизациялоого аскер кызматкерлери жана армияда кызмат өтөгөндөр, запастагылар, армияда аскердик-техникалык адистиктен өткөн орус жарандары тартылары белгиленүүдө.

20-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик думасы өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктаган. Талдоочулар бул мыйзам Орусиядагы мигранттарды армияга тартып, Украинадагы согушка жөнөтүүнү көздөй турганын айтып жатышат.

21-сентябрда орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды этият болууга чакырган жана эгер согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин, чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышса жоопко тартыла турганын эскерткен.

Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 500 миңден ашууну орус жарандыгын алганы Жогорку Кеңештеги жыйындардын биринде айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG