Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Акыйкатчынын кызматкерлеринин кошумча акысы боюнча кат жөнөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчынын кеңсесиндеги кошумча маяна маселесине байланыштуу бул мекеменин мурдагы үч жана азыр иштеп жаткан бир кызматкеринин атынан Жогорку Кеңешке, президенттик администрацияга, өкмөткө, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн бүгүн 26-сентябрда «Азаттык» радиосуна мурдагы жетектөөчү адис Азим Акматов билдирди. Анын айтымында, нааразылык мурдатан бери төлөнүп келген кошумча акы боюнча кабыл алынган жаңы чечимге байланыштуу болууда:

«Иш күнү кечки алтыга чейин. Бирок кээде суткалап иштеп калчубуз. Убактылуу кармоочу жайларга, түрмөлөргө барып мониторинг жасап же шайлоо учурунда иштеп... Ошого бүт аппаратка кошумча акы төлөнүп берилчү. Мамлекеттик кызматкерлерге президенттин жарлыгы менен айлык жана кошумча акы көтөрүлдү. Аны сөзсүз төлөп бериши керек, анткени бул бюджетте каралган акча. Азыркы омбудсмен мындай кылып жатыптыр – кааласа көтөрүп, кааласа мурдагыдай төлөйт».

Акматов акыйкатчы кошумча акыга деп бөлүнгөн акчаны Баткенде жабыркагандарга берүү сунушун да айтып жатканын билдирип, мындай чечим туура эмес деген пикирип кошумчалады. Ал катка өзүнөн тышкары акыйкатчынын мурдагы орун басары Гүлнара Жамгырчиева, мурдагы эксперт Бакыт Жанжигитов жана азыр эксперт болуп иштеп жаткан Нуржан Бообеков кол койгонун айтты.

«Азаттык» бул боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылганда ал айлык көбөйгөндө талап да жогорулаганын, “иштин оордугу, сапат, натыйжа, демилге, ашыкча иштөө” деген критерийлер үчүн ай сайын төлөнүүчү кошумча акыны буга жейин жапырт баары алып келгенин, эми аны чыныгы татыктууларга гана төлөп туруу чечими кабыл алынганын, жамааттын өзүндө нааразылык жок экенин жана кеп айлык эмес, үстөк тууралуу болуп жатканын билдирди:

“Аны кызматкердин жумушуна, аракетине, сапатына карап төлөө – жетекчинин укугу. Мурда ал акчаны баары жапырт алып көнүп алышкан экен. Эми мурда иштегендер келип, “баарыңар алышыңар керек” деп бурмалап, жамааттагы ынтымакты кетирүү аракети болууда. Мамлекеттин ар бир чыгымына жетекчи катары мен жооптуумун. Иштебеген кишиге кошумча акы берген туура эмес. Бул акчанын негизги айлыкка тиешеси жок. Жамаатта нааразылык жок”.

Абдрахматова кошумча акы боюнча мындай маселе жаралып жатканына байланыштуу аны Баткенде жабыркагандарга которуу тууралуу сунуш бергенин, азырынча эч кандай чечим жок экенин айтып, “Ушунун айынан ынтымакка келе албай жатсак, анда такыр эле баш тартып, максаттуу түрдө Баткенге берели дедим” деп кошумчалады.

Акыйкатчы – адам укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзүүчү кызмат. Анын Бишкектеги борбордук аппаратында мамлекеттик макамдагы 60тай, аймактарда 30га жакын кызматкер иштейт.

Айлыкка кошумча акы үчүн бюджеттен айына 1 миллион 330 миң сом (жылына 14 миллион сомдой) каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG