Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Кыргызстан азырынча электрди импорттоодон баш тарта албай турганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан быйыл кышында да сырттан электр энергиясын сатып аларын бүгүн 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Токтогул суу сактагычында азыркы кезде 13,6 миллиард куб метр суу бар экенин, былтыр 1-октябрда бул көрсөкүч 12,3 миллиард болгонун айтты:

“Электр энергиясына болгон суроо-талапты эске алып импортту токтоткон жокпуз. Анткени кышында суроо-талап эселеп өсөт. Андан тышкары экологиялык категориялар да бар – жаңы ачылган завод-фабрикалар. Ошондуктан “импортту четке кагабыз” деген деңгээлге жете элекпиз”.

Кыргызстанда кышка карата сүйлөшүүлөр эми гана жүргүзүлө баштады. Электр энергиясын камдоо боюнча эч кандай келишим түзүлө элек, бирок керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен жарыкты мурдагыдан да көп импорттоо мерчемделип жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG