Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Кара-Жыгачта көп кабаттуу имарат салууга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду


“Бишкекбашкыархитектура”, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана Шаардык курулуш-архитектура көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Алар Кара-Жыгач конушуна көп кабаттуу имараттарды курууга мыйзамсыз уруксат бергени айтылууда.

Ишти борбор калаанын Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иликтеп жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматта айтылгандай, өкмөттүн 2006-жылдагы токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын 2025-жылга чейинки Башкы планына ылайык, Кара-Жыгачта үч кабатка чейин гана турак жай курууга уруксат берилет.

“Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин кызмат адамдары үч кабаттан бийик көп батирлүү имараттарды курууга уруксат беришкени аныкталды.

"Азаттык" азырынча аталган конуштагы кайсы имарат жөнүндө сөз болуп жатканын тактай алган жок. Прокуратура тергөө кызыкчылыгынан улам бул маалымат берилбей турганын айтты. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG