Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

USAID Баткенде жабыркагандарга 100 миң доллар бөлөт


Чек арадагы жаңжалда талкаланган үйлөрдүн бири. Ак-Сай айылы.
Чек арадагы жаңжалда талкаланган үйлөрдүн бири. Ак-Сай айылы.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунда жер которгонго дуушар болгон 400гө жакын үй-бүлөгө чукул гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 8 млн. сомдон ашык (100 миң АКШ доллары) каражат бөлөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 30-сентябрда кабарлагандай, каржылоо Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясы аркылуу жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай таратылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 622 турак жай зыян тарткан. Анын 427си такыр жашоого жараксыз болуп калган, 195 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

14-17-сентябрда чек арасында кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70тен ашуун кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Калабадан кийин эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары жолугуп, тынчтык келишимин түзүшкөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG