Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Бекназаров Кумтөр боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн билдирди


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Кыргызстанда саясатчылар жана коомдук ишмерлер тобу Кумтөр боюнча коомдук комиссияга биригишкенин 30-сентябрда комиссияга төрага болгон саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, комиссия маселени ар тараптуу, кѳз каранды эмес негизде иликтеп, коомчулукка маалымат берүүнү максат кылууда.

Бекназаров керектүү расмий документтерди алуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыларын маалымдап, өлкө жетекчилигинен ар тараптуу жардам күтөрүн белгиледи.

Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков, Рамазан Дырылдаев, экономист Гани Абдирасулов, юрист Данияр Эркинбаев, талдоочу Айданбек Акматов, Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкулов кирди.

29-сентябрда Кыргызстандан алтынды башка мамлекеттерге чыгарып кетүүнүн чоо-жайын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин 13 депутаты кирген.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алып, ишкананы сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Аны 13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу айыптап, камакка алынган.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Кийин Инстаграммдагы kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровго окшош адамдын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Садыр Жапаров 8-сентябрда агасы алтын иштери боюнча Түркияга барганын тастыктап, мындан чуу жаратуунун зарылдыгын көрбөй турганын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG