Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Айыл чарба азыктарынын экспортуна коюлган тыюу алып салынды


Кыргызстанда айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу коюлган тыюу алып салынды. Бул тууралуу 30-сентябрда Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааны турукташтыруу максатында 17-мартта дан, май, кумшекер, жумуртка, уйдун эти, тоют жана башка товарларды экспорттоого алты айлык тыюу салынган.

Президент Кыргызстан өзү өндүргөн базалык азыктар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керектигин айткан.

Кыргызстан өзүн-өзү болгону үч гана азык менен камсыздай алат. Алар картөшкө, сүт жана жашылча.

Өлкөдө 2020-жылдагы коронавирус эпидемиясы жана кургакчылыктын айынан, 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийинки дүйнөлүк кризистин улам азык-түлүккө баа өскөн.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн изилдөөдө 2021-жылы азык-түлүктүн баасы, анын ичинде эт, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктарына болгон баа 18,8 пайызга кымбаттаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG